Меню Закрыть

БИЗ ИЙГИЛИК ЖАРАТА АЛДЫК

«ЫНТЫМАК БАР ЖЕРДЕ ИЙГИЛИК БАР»
Буюрса 2-августта Нарын педагогикалык колледжинде иштеп баштаганыма 1 жыл толду. Убакыт учкан куш сыяктуу өтүп кете берет экен, тез эле көз ачып жумганча өтүп кеткендей болгон менен, өтө окуяга бай жемиштүү жыл болду.
Эмгек жамааты менен биргеликте Өнүгүү планын иштеп чыгып, багыттарды аныктадык. Окуу жайда «НПК Медиа борбору» активдүү иш алып барып баштады.
Бир нече эл аралык, мамлекеттик деңгээлдеги жогорку жана орто кесиптик окуу жайлар, билим берүү мекемелери, спорттук мекемелер менен кызматташуу үчүн меморандумга кол коюлуп иштешип баштадык. Президенттин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн демилгеси менен Нарын облусунун социалдык педагогдору үчүн РИПК менен бирге атайын курс уюштурулуп, сертификат тапшырдык.
Нарын педагогикалык колледжинде лидерлик, дебат оюндарына байланышкан ийримдер иш алып бара баштады. Облустун айрым мектептерине кыдырып барып ар кыл багытта семинар тренинг өткөн болсок, айрымдары бизге келип мыкты баарлашуулар болду.
Алдыңкы педагогикалык ишмердүүлүгү менен өлкөгө таанымал Мырза Каримов агайыбыз, Калиман Жунушалиева эжекебиз менен биргеликте тренингдер, жолугушуулар өткөрүлүп, жыйынтыгында 25 окутуучу тренер даражасына ээ болушту.
Окуу жай эки жолу аккредитациядан өтүп, билим берип жаткан программаларды кийинки 5 жылга узартып ала алды.
Колледждин дагы бир чоң ийгилиги АБРдин «Сектордук өнүктүрүү: инклюзивдик билим берүү үчүн көндүмдөр» долбоорунун алкагында 21 млн сомдон ашык акча каражатына окуу имараты толугу менен ремонттон өтсө, 8 млн сомдон ашуун каражатка эмерек, компьютердик акыркы жабдуулар менен жабдып беришти. Ошентип, окуу жайдын 1939-жылы ишке берилген имараты, жап жаңы болуп кала берди.
Мындай иштерди бир жылда жасалышы оорураак маселе. Болгону окуу жайда бир катар өзгөчөлүктүү жактары буга түрткү болду деп эсептейм.
Эмгек жамаатынын улуттук өзгөчөлүктөргө негизделген, улуу жана кичүү муундун ортосундагы баа жеткис мамилелер.
Окутуучу, кызматкерлерде жана студенттердеги жөнөкөйлүк.
Чыккан идеяны кош колдоп кеткен демилгелүүлүк.
Демек, мындай өзгөчө сапаттарга ээ эмгек жамааты болгон жана колдоочулар болгон жерде ийгилик жаралбай койбойт.
Буюрса, кабыл алуу иш чарасы дагы соңуна келип калды. Учурда 4-тур болуп жатат. Тилекке каршы, бизде бюджеттик орундар толуп саналуу гана калды. Бирок, Кыргызстандагы эң арзан окуу жайдан келип билим алам дегендер болсо, жөн эле кесиптик билим эмес, лидерлик, коммуникациялык, чечендик сапаттарымды дагы өнүктүрүүм керек жана облусту билим берүү жана башка тармагын өнүктүрүүгө салым кошушум керек деген жүрөгүндө жалыны бар 9-класстын жана 11-класстын бүтүрүүчүлөрүн чакырам.
Келиңиз чогуу өз мекенибизди өнүктүрөлү!

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *