Меню Закрыть

УКУК БУЗУУЛАРДЫ АЛДЫН АЛУУ

К.Мамбетакунов атындагы Нарын педагогикалык колледжинин жалпы студенттерине «Өспүрүм курактагы балдар жана жаштар арасында укук бузуулардын алдын алуу» аталышында семинар болуп өттү.
Иш-чарага Нарын шаарынын прокуратурасынын кызматкерлери Шайырбек Сулайманов жана Мухамед Жалилов, Нарын ШИИБдин өкүлү Махабат Саалаева, Нарын казыятынын өкүлү Кумарбек Орозалиев жана Нарын шаардык мэриясынын өкүлү Алмазбек Өмүрзаковдор катышты.
Аталган иш-чарада укук бузууларды алдын алуу, эрте никеге туруу жана анын терс кесепеттери тууралуу кеңири түшүнүктөр берилип, студенттер менен кенен ой бөлүштү.
Мындай иш-чаралар өсүп келе жаткан жаш муундарды туура жолго тарбиялоого, тартиптүү болууга, жашоодон адашып калбоого үндөйт.
   

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *