2021-жылдын 22-ноябрында «Студенттер баңгиликке барбайт» аттуу семинар уюштурулуп, студенттер арасында түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, жаштарды сергек жашоого тартуу, чакыруу менен жыйынтыкталды.

Кыргыз Республикасынын Президентинин Нарын областындагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн аппаратынын №05-06/32 29.102021 катынын жана КР МУУКК Нарын облусу боюнча башкармалыгынын 05.102021 №07-3/2113 сандуу билдирүү каты боюнча өткөрүлгөн жыйындын протоколунун негизинде НМУнун факультеттеринде жана колледждеринде студенттер арасында баӊги заттарды колдонуунун жайылуусун болтурбоо Читать дальше …

Нарын педагогикалык колледжинде, окуу жайга эмгеги сиӊип, алышкан оорунун кесепетинен мезгилсиз дүйнөдөн кайткан, ардактуу окутуучу КРнын «Эл агартуунун отличниги» Сейдашова Майрамбүбу эжени эскерүү жана үй бүлөсүнүн атынан окуу жайыбызга жасалгаланган «Кыргыз тили жана адабияты» кабинетинин ачылышы болуп өттү.

Иш чарага Нарын мамлекеттик университетинин ректору Э.Байбагышов, маркум Майрамбүбү Сейдашова эжебиздин жакындары, окуу жайдын жалпы жамааты жана студенттери катышты. Майрамбүбү эженин өрнөктүү өмүр жолунда артында калтырган иши, таалим-тарбиясы, ишиндеги өзгөчө орду, адамгерчилиги, жана жаркын элеси ар бирибиздин жүрөгүбүздө түбөлүккө жашайт.