Колледждин миссиясы
Кесиптик компетенттүүлүгү жогору, профессионал адис болом деген патриот, soft skills көндүмдөрүнө ээ, улуттук баалуулуктарды туу туткан инсандар биздин окуу жайдан окуусу керек болот.
Нарын педагогикалык окуу жайынын ишмердүүлүгүндөгү негизги максат- Билим берүү системасындагы бир көйгөйдүн бөксөсүн толтуруу-айыл жана шаар мектептерине мыкты мугалимдерди даярдоо жана жалаң гана билимге сугарылган эмес, адамкерчиликке, таалим-тарбияны алып кетүүгө жөндөмдүүлүгү бар чыныгы педагог-инсанды тарбиялап чыгуу болуп саналат.
Бүгүнкү күндө педагогикалык колледжде 46 окутуучу эмгектенет: 3 аспирант, 9 магистрант, 11 окутуучу эл агартуунун отличниги, 16 окутуучу МНОнун грамотасын алган, 13 окутуучу жогорку билимдүү, 27 окутуучу жогорку жана 1-категорияга ээ. Педагогикалык коллективдин 60% жаштар түзөт. Алардын ичинен аспирантура, илимий иштер, изилдөөлөр менен иштегендер бар. Окуу жайда методикалык колдонмолор, интерактивдүү методдор колдонулуп, илимий педагогикалык ишмердүүлүк, окутуунун инновациялык методикалары жана технологияларын жайылтуу, өнүктүрүү, сапатын арттыруу боюнча иштер жүргүзүлүп келет.
Дареги: Нарын шаары, С. Жакыпов көчөсү 27
Тел.: (3522) 51191