Меню Закрыть

ЗОРДУК-ЗОМБУЛУККА ЖОЛ ЖОК!

Нарын шаардык ички иштер бөлүмү тарабынан «Нарын — коопсуз шаар» аталышында «Зордук зомбулукка жол жок» деген ураандын негизинде уюштурулган иш-чарага Нарын педагогикалык колледжинин студенттери да активдүү катышып, үй-бүлөдөгү зордук-зомбулуктун себептерин чагылдырган сценка коюп беришти. Тарбия үй-бүлөдөн башталып, коомдон уланып, адам баласы адамдык улуу сапатка ээ болуш керек экенин баса белгилешти.
Кечээки күн — тарых, эртенки күн — табышмак, бүгүнкү күн — белек” демекчи, “ Жакшы окуп, жакшы жүрүшүм — мекенге кошкон үлүшүм” деген девизди туу туткан Нарын педагогикалык колледжинин студенттери уюштуруучулардын алкоосуна татыды.
Бул иш-чарага Нарын шаарындагы жалпы орто мектептин окуучулары, мекеме кызматкерлери , прокуратура бөлүмү, милиция кызматкерлери, аксакалдар сотунун төрайымы жана казыяттын өкүлдөрү катышты.
Соңунда Нарын педагогикалык колледжинин тарбия иштери боюнча директордун орун басары Б.М.Сыдыгалиева Нарын шаардык ички иштер бөлүмү тарабынан ыраазычылык кат менен сыйланды.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *