Меню Закрыть

ҮЗГҮЛТҮКСҮЗ БИЛИМ АЛУУ — ЗАМАН ТАЛАБЫ

И.Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин окуу базасында АБР программасынын алкагында уюштурулган 72 сааттык квалификацияны жогорулатуу курсунан К.Мамбетакунов атындагы Нарын педагогикалык колледжинин ПОВТАС адистигинин окутуучулары билимин жогорулатышты.
Мында программалоонун жаңы түрлөрү боюнча көндүмдөргө ээ болуп, «Секторду өнүктүрүү программасы: Инклюзивдүү өсүү үчүн көндүмдөр» долбоорунун алкагында аталган адистик боюнча окуу-методикалык комплекстин негизинде программалоонун жаңы түрлөрү боюнча билим сапатын жакшыртууга, өнүктүрүүгө өбөлгө түзүлдү.
Өзгөчөлүгү – окутуучулар окутуудан өткөнү тууралуу сертификат алып тим болбостон, тренингди мыкты өздөштүргөн колледжд жана лицейдин окутуучулары ЭТАСПК адистиги боюнча окутууга мүмкүнчүлүк алат. Бул баштапкы жана орто кесиптик билим берүү системасындагы педагогдордун өз адистиги боюнча билим сапатын жакшыртууга, ошондой эле стунттердин ар тараптан инсандык өнүгүшүнө багытталган жаңы ыкмаларды, анын ичинде инклюзия ыкмаларын колдонуу заман талабы болмокчу.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *