Меню Закрыть

USAID «Окуу керемет» долбоорунун мониторинги

USAID «Окуу керемет» долбоорунун алкагында Бишкек шаарынан келген эксперттердин катышуусунда семинар болуп өттү.
Аталган семинарга К.Мамбетакунов атындагы Нарын педагогикалык колледжинин директору жана окутуучулары жогорку деңгээлдеги мастер-класс жана мыкты үлгүдө уюштурулган сабактарды көрсөтүштү.
Окуу жайдын директору К.Асылбеков жана окутуучу Г.Султаналиева «Baaloo app» санариптик колдонмосу боюнча мастер-класс, Б.Мамбеталиева Дифференциацияланган окутууда «Көп деңгээлдүү тапшырмалар» стратегиясы, Ж.Тыналиева «Үй-бүлөлүк окууну кантип уюштуруу керек?», Н.Муратовалардын «Математикалык сандыкча» темасындагы жогорку деңгээлде уюштурулган сабактары өткөрүлдү. Ар бир өтүлгөн сабактар студенттерге жеткиликтүү болуп, эксперттердин мактоосуна татып, долбоор тарабынан окуу китептери белекке берилди. Тандалган темага ылайык сабактар жана мастер-класстар жаңы ыкмаларды пайдалануу менен балдардын окуу жана математикалык көндүмдөрүн өнүктүрүүгө өбөлгө болду.Ошондой эле башталгыч мектепте балдарды окуганга гана үйрөтпөстөн, бардык предметтерди өздөштүрүүдө балдар китептерин колдонуу менен терең ой жүгүрткөнгө, ар тараптуу өнүккөн чыгармачыл балдарды калыптандырууга багытталды…
Нарын педагогикалык колледжинин окутуучулары билимин жогорулатуу үчүн ар тараптуу окуулардардан өтүп, студенттерди учурдун талабына ылайык усулдук ыкмалар менен окутушууда .Мындай аракеттер окуп жаткан студенттер үчүн жакшы шарттардын бири …
         

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *