Меню Закрыть

Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күнүнө карата

Нарын облустук С.Орозбаков атындагы китепканада 7-8-ноябрь-«Тарых жана ата-бабаларды эскерүү» күнүнө карата «Кыргыз деп жанган эл мыктылары» аталышында тегерек стол уюштурулду.
Өтмүшү жок келечек болбойт демекчи, эл үчүн анын өтмүшү тамыр сымал, өзөк сымал мааниге ээ. Келечек бир гана анын үстүнө тургузулуп, анын үстүнө гана бутак байлайт. Ооба, өткөндү четке кагып, тарыхка далыбызды салуу менен келечекти түптөй албайбыз. Мына ушундай максат менен «Өткөн тарыхын билбеген — келечекке жол таппайт», «Төлөгөн Касымбеков — тарыхты көркөм чагылдыруунун чебери» деген теманын тегерегинде кенен маек болду.
Маекте Нарын педагогикалык колледжинин тарых сабагынын окутуучулары Ж.Кадырова жана Г.Эсеналиева жазуучунун салмагы оор, убарасы узак, окурмандар жата калып окуган, кыргыздын тарыхый чыгармаларынын бири – атактуу «Сынган кылыч» романындагы тарыхый фактылар тууралуу кызыктуу маалымат берип, студенттер ойлорун ортого салышты.
Өткөндөр даңкталмайын, келечек баркталбайт демекчи, тегерек столдун катышуучулары өткөнгө саресеп салып, кечээки тарыхты билбей туруп, келечекке кадам таштай албай турганыбызды таасын белгилешти.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *