Колледждер ортосундагы академиялык мобилдүүлүктү жакшыртуу максатында уюштурулган иш сапарда Нарын педагогикалык колледжинин окутуучусу М.Дүйшеева И.Арабаев атындагы КМУнун гуманитардык-педагогикалык колледжинин «Мектепке чейинки билим берүү» адистигинин студенттерине конок лекция өттү.
«STEAM» билим берүү методикасын колдонуп, студенттерге практикалык сабак уюштуруп берди.
,,STEAM» билим берүүнүн натыйжалары: чыгармачыл ой жүгүртүүнүн түрүн өнүктүрүүгө, балдар өзүлөрүнүн сүйүктүү иш-аракетин аң-сезимдүү тандап алуусуна шарт түзүүгө, коомдо ар тараптуу билим, хобби ж.б. ээ болгон жаңы муундун калыптанышына даярдоо экендиги тууралуу студенттер менен кенен ой бөлүштү.