Меню Закрыть

Нарын педагогикалык колледжинде, окуу жайга эмгеги сиӊип, алышкан оорунун кесепетинен мезгилсиз дүйнөдөн кайткан, ардактуу окутуучу КРнын «Эл агартуунун отличниги» Сейдашова Майрамбүбу эжени эскерүү жана үй бүлөсүнүн атынан окуу жайыбызга жасалгаланган «Кыргыз тили жана адабияты» кабинетинин ачылышы болуп өттү.

Иш чарага Нарын мамлекеттик университетинин ректору Э.Байбагышов, маркум Майрамбүбү Сейдашова эжебиздин жакындары, окуу жайдын жалпы жамааты жана студенттери катышты.
Майрамбүбү эженин өрнөктүү өмүр жолунда артында калтырган иши, таалим-тарбиясы, ишиндеги өзгөчө орду, адамгерчилиги, жана жаркын элеси ар бирибиздин жүрөгүбүздө түбөлүккө жашайт.