Меню Закрыть

МЕДИА САБАТТУУЛУК

Нарын педагогикалык колледжи менен Нарын шаарындагы Борбордук Азия университетинин (БАУ) ортосундагы эки тараптуу келишимдин негизинде англис тилинде уюштурулган «Медиа сабаттуулук» аталышындагы тренингге Нарын педагогикалык колледжинин студенттери катышып келишти.
Тренингди БАУнун «Коммуникация жана медиа» факультетинин студенттери Манижа Шогарибова, Фотима Аблулмаинова, Инора Малакбозова, Айдана Усупкоджоевалар уюштурушту.
Тренингде дүйнөлүк желе маркетинги, медиа сабаттуулук, маалыматтарды кайдан жана кантип тактоо керек деген суроолордун айланасында билимдери тереңдеп, соңунда улуттар ортосундагы достук мамилени чыңдоого, студенттер арасындагы байланышты бекемдөөгө шарт түзүлдү.
Аталган иш-чаранын жыйынтыгы менен бардык студенттер семинарды ийгиликтүү аяктагандыгы тууралуу сертификаттарга ээ болушту.
Биргелешип кызматташууда мыкты шарт түзүп берген БАУнун жетекчилигине жана уюштуруучуларына терең ыраазычылык билдиребиз!

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *