Меню Закрыть

Азыркы замандын «Дүйшөнү» аталган мугалим Гапыр Мадаминов агайыбыз менен жолугушуу

Азыркы замандын «Дүйшөнү» аталган мугалим, жакында III даражадагы «Манас» орденинин ээси болгон Гапыр Мадаминов Нарын шаарында мугалим, окутуучулар үчүн тренинг өттү.
Тренингге К.Мамбетакунов атындагы Нарын педагогикалык колледжинин окутуучулары да катышып, заманбап методикалык ыкмалар боюнча ой бөлүшүп, өз ойлорун ортого салууда бул жолугушуу мыкты аянтча болуп берди.
Жолугушуунун өзөгүн көп варианттуу ойлонуу, убакытты туура пайдалануу, устаттык өнөр, инсандык өнүгүү жолу багытындагы баалуу кеңештер берилди.
Бүгүнкү JIKAнын чакан гранд программасы менен НМУ биргелешип уюштурган иш-чара өз максатына жетти.

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *