Тренингдин 2-күнү Нарын педагогикалык колледжинин директору Казыбек Асылбеков «Оратордук чеберчилик» темасында кызыктуу тренинг уюштурду.
Чечендик деген эмне, эмне үчүн керек жана маанилүүлүгү эмнеде? — деген суроолордун негизинде ой бөлүшүп, чечендик өнөрдүн ыкмалары, кебибизди канткенде көркөм, таза, орундуу жана так уюштура алабыз деген суроолордун тегерегинде талкуу жүргүздү.