Нарын педагогикалык колледжинин студенттерине «Өз алдынча изилденген илимий иш» конкурсу уюштурулду.
Конкурска ар бир дисциплина боюнча, ар кандай темада студенттер катышып, изилдеген илимий иштерин презентациялашты.
Мыкты изилденген өз алдынча иштер бааланып, студенттер орундарга ээ болушту. Алдыда боло турчу НМУнун «Өз алдынча изилденген илимий иш» конкурсуна жолдомо алышты.