Нарын педагогикалык колледжинин «Мектепке чейинки билим берүү» адистигинин студенттери бала бакчада уюштурулган мастер-класста болуп кайтышты.
«Ыйман» бала бакчасынын тарбиячылары студенттерге дидактикалык оюндун түрлөрү, сенсордук тарбия, жана көрсөтмө курал жасоонун жолдору менен тааныштырып, өзүлөрүнүн билим куржундарын ачышты.