С.Нааматов атындагы Нарын мамлекеттик университетинин окутуучусу, педагогика илимдеринин кандидаты, доцент Муңайтпасова Гүлдайра Жумакадыровна Нарын педагогикалык окуу жайынын 2-курсунун студенттерине конок лекциясын уюштурду.
USAIDдин «Окуу керемет» долбоору сунуштаган «Түшүнүү жана негиздөө», «Моделдердин көптүгү», «Көндүмдөрдү өнүктүрүүдөгү прогрессти билүү» стратегиясы жана «КГА» ыкмасы тууралуу кенен маалымат берип, өз тажрыйбасы менен бөлүштү.
Келечекте башталгыч класстарга сабак берүүдө математикалык көндүмдөрдү кантип калыптандыруу керек экенин баса белгилеп, студенттерди келечектеги кесибинин устаты болуп чыгармачылык менен иштөөгө чакыды.
Соңунда өзүнүн тажрыйбасы, билими менен бөлүшкөн педагогика илимдеринин кандидаты, доцент Муңайтпасова Гүлдайра Жумакадыровнага Педагогикалык колледжинин окуу бөлүм башчысы Ж.С.Кадырова тарабынан ыраазычылык кат тапшырылды.