Султакаева Назира Майрамбековна
К.Мамбетакунов атындагы Нарын педагогикалык колледжинин дене – тарбия жана биология циклдик комиссиясынын жетекчиси
Телефону: (0700) 330427
1984 – жылы 15 – декабрда Ат – Башы районунда төрөлгөн. 2001- 2006 – жылдардын аралыгында С.Нааматов атындагы Нарын мамлекеттик университетинин «Табигый – илимий билим берүү» кафедрасынын «Биология, кошумча химия мугалими» адистигин ийгиликтүү аяктаган.
2016 – 18 – жылдары И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин «Табигый – илимий билим берүү» багытынын биологиялык билим берүү адистиги боюнча магистр академиялык даражасына ээ болгон.
2005 – жылы Кыргыз Мамлекеттик Юридикалык колледжинде биология мугалими болуп эмгек жолун баштаган. 2006 – жылдан тартып К.Мамбетакунов атындагы Нарын педагогикалык колледжинде биология мугалими болуп эмгектенип келе жатат.
1 илимий макаланы КМУнун «Вестник» №1 (1) 2017 журналына жана түрк дүйнѳсүнүн табигый илимдер жана медицина боюнча эл аралык конгрессине 1 макала жазып чыгарган.
Сыйлыктары: Педагогикалык колледждин грамоталары жана ыраазычылык каттары, Нарын мамлекеттик университетинин ардак грамоталары, Нарын райондук мамлекеттик администрациясынын Ардак Грамотасы менен сыйланган.