Бүгүн «Сапат» жана «Адеп» борборунун уюштуруусунда, зордук-зомбулукка каршы жана кылмыштуулуктун алдын алуу максатында “Биз зордук-зомбулукка каршыбыз” аталышында Жылдыз Бабаканова жана Айкөкүл Мокеева тарбиялык саат өттү.
Аталган иш-чарага Нарын облусунун ички иштер башкармалыгынан Самат Саалаев, Рахатбек уулу Абдыжапар, Асель Такишова жана эмгек социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгынын үй-бүлөнү колдоо жана балдарды коргоо боюнча бөлүм башчысы Гүлмира Султаналиевалар катышышты.
Иш-чаранын максаты — коомчулукту үй-бүлөлүк жана гендердик зомбулукка каршы аракеттерди күчөтүүгө чакыруу, аялдар менен өспүрүм балдарды коргоо, ошондой эле балдардын укуктарын сактоого көңүл буруу болду.
Студенттердин аткаруусунда миграция көйгөйлөрү, балдардын укуктары жана коргоо маселелери театрлаштырылып чагылдырылды.