К.Мамбетакунов атындагы Нарын педагогикалык колледжинин студенттери академиялык мобилдүүлүк программасынын алкагында Т. Эрматов атындагы Бишкек музыкалык-педагогикалык институтуна жана К.Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик колледжине 2 жумалык окуу сапары менен барышты.
Аталган программа студенттерге кесиптик билимдерин тереңдетүүгө, жаңы методика жана тажрыйбалар менен таанышууга, ошондой эле чыгармачылык жана педагогикалык жөндөмдөрүн өнүктүрүүгө чоң мүмкүнчүлүк түзөт. Окуу учурунда студенттер лекцияларга, практикалык сабактарга катышып, институттун алдыңкы окутуучуларынын тажрыйбасынан билим алышмакчы.
