К.Мамбетакунов атындагы Нарын педагогикалык колледжинде академиялык мобилдүүлүк программасынын алкагында Т.Эрматов БМПИден келген бөлүм башчы Назима Чоробаева студенттер менен жолугушуу өткөрдү.
Жолугушуунун алкагында ал “Темпераменттин түрлөрү” аттуу темада мастер-класс уюштуруп, студенттерге психология илиминдеги темперамент түшүнүгү, анын негизги типтери — сангвиник, холерик, флегматик жана меланхолик тууралуу кеңири маалымат берди. Ошондой эле ар бир темпераменттин өзгөчөлүктөрү, алардын педагогикалык процесстеги орду жана студенттер менен иштөөдөгү мааниси практикалык мисалдар аркылуу түшүндүрүлдү.
Мастер-класс интерактивдүү форматта өтүп, кызуу талкуу жүрүп, студенттер өз темпераментин аныктоого мүмкүнчүлүк алышты. Студенттер активдүү катышып, суроолорду берип, кызыктуу пикир алмашуу болду.
Аталган иш-чара студенттердин психологиялык билимин тереңдетүүгө, болочок кесиптик ишмердүүлүгүндө инсандык өзгөчөлүктөрдү эске алуу жөндөмүн калыптандырууга өбөлгө түздү.


