К.Мамбетакунов атындагы Нарын педагогикалык колледжинде “Мамлекеттик туу” күнүнө карата салтанаттуу линейка болуп өттү.
Иш-чаранын жүрүшүндө мамлекеттик туунун тарыхы, мааниси жана анын улуттук символ катары орду тууралуу доклад окулуп, кеңири маалымат берилди. Студенттер менен окутуучулар мекенчилдик духта биримдикте турушту.
Колледждин директору Айнура Апсалиева куттуктоо сөз сүйлөп, мамлекеттик символдорго болгон урмат-сыйды сактоо ар бир жарандын ыйык милдети экенин белгиледи.
Иш-чаранын эң таасирдүү учуру – окуу жайдын алдындагы мамлекеттик туунун салтанаттуу түрдө бийик көтөрүлүшү болду.

