НПКнын окутуучулары үчүн «Ынтымак» балдар бакчасынын методисти Тамара Жузубалиева тарабынан усулдук семинар уюштурулду. Иш-чаранын негизги максаты – окутуучуларды заманбап билим берүү ыкмалары менен тааныштыруу, сабактарды интерактивдүү, кызыктуу жана натыйжалуу өткөрүүнүн практикалык жолдорун көрсөтүү болду.
Семинардын жүрүшүндө катышуучулар STEAM билим берүү методикасы жана 5E окутуу моделинин беш этабы – Engage (кызыктыруу), Explore (изилдөө), Explain (түшүндүрүү), Elaborate (тереңдетүү), Evaluate (баалоо) – боюнча кеңири маалымат алышты. Ар бир этап конкреттүү мисалдар жана практикалык тапшырмалар аркылуу түшүндүрүлүп, бул модель окуучуларды сабакка активдүү тартууга жана алардын өз алдынча ой жүгүртүүсүн өнүктүрүүгө багытталганы белгиленди.
Ошондой эле семинардын алкагында 4K компетенцияларын – критикалык ой жүгүртүү, креативдүүлүк, коммуникация жана коллаборацияны – өнүктүрүүгө багытталган практикалык иш-чаралар өткөрүлдү. Тамара Жузубалиева интерактивдүү талкууларды, топтук иштерди жана практикалык мисалдарды колдонуу аркылуу билим берүүнү кызыктуу жана натыйжалуу уюштуруунун жолдорун көрсөттү.
Иш-чаранын соңунда катышуучулар тажрыйба алмашып, билим берүү процессинде инновациялык ыкмаларды колдонуу боюнча өз ой-пикирлерин бөлүшүштү. Бул семинар окутуучулар үчүн кесиптик чеберчилигин жогорулатууга, студенттер менен эффективдүү иштөө көндүмдөрүн өркүндөтүүгө жана сабактарды заман талабына ылайык уюштурууга чоң мүмкүнчүлүк түздү.

