Нарын мамлекеттик университетинин «Физика, математика жана информатика» кафедрасы тарабынан окутуучу Марат Өмүралиевдин ысымын эскерүү максатында өткөрүлгөн университет жана колледждер аралык олимпиада өз таасирдүүлүгү жана билим берүү багытындагы мааниси менен өзгөчөлөндү.
Бул деңгээлдеги билим таймашында К.Мамбетакунов атындагы Нарын педагогикалык колледжинин студенттери жигердүүлүгү, интеллектуалдык даярдыгы жана аналитикалык ой жүгүртүүсү менен айырмаланып, жогорку натыйжаларга жетишти:
Бул ийгиликтер студенттердин предметтик даярдыгынын бекемдигин гана эмес, билимге болгон умтулуусун, чыгармачыл потенциалын жана туруктуу изденүүсүн айгинелейт. Аларга багыт берип, олимпиадага системалуу түрдө даярдаган окутуучулар Чынара Абдырасулова жана Ырыскүл Токтосуновалардын эмгеги да өзүнчө баалуу.
Иш-чаранын алкагында уюштурулган көрсөтмө куралдар выставкасында Нарын педагогикалык колледжинин методикалык жыйнактары жана практикалык материалдары жогорку деңгээлде таанылып, 2-орунга ээ болду.
Бул колледждин методикалык ишинин сапатын жана окутуучулардын чыгармачылыгын тастыктаган дагы бир көрсөткүч.

