Бүгүн 1-сентябрда К.Мамбетакунов атындагы Нарын педагогикалык колледжинде жаңы окуу жылына арналган салтанаттуу иш-чара болуп өттү. Бул күн ар бир студент үчүн жаңы үмүттөрдүн, жаңы максаттардын жана жаңы мүмкүнчүлүктөрдүн башталышы болуп калды.
Иш-чарада колледждин директору Айнура Апсалиева студенттерди жана окутуучуларды «Билим күнү» менен куттуктап, алдыдагы окуу жылында ийгиликке жетүүгө жана чоң максаттарды багындырууга чакырды. Ошондой эле окуу иштери боюнча директордун орун басары Гулнур Султаналиева сөз сүйлөп, билим адамдын келечегин аныктаган эң баалуу байлык экенин баса белгилеп өттү.
К.Мамбетакунов атындагы Нарын педагогикалык колледжи үчүн «Билим күнү» – бул жөн гана жаңы окуу жылынын башталышы эмес, жаш муунга жол көрсөткөн, келечекке ишеним арткан күн.
