Меню Закрыть

КЕСИБИН ЖҮРӨГҮ МЕНЕН АРКАЛАГАН БАРДЫК МУГАЛИМДЕРДИ КЕСИПТИК МАЙРАМЫ МЕНЕН КУТТУКТАЙМ!

Урматтуу жалпы билим берүү тармагындагы кесиптештерим!
Бүгүн — дүйнөдөгү эң улуу кесип ээлеринин күнү! Ар бирибиздин тагдырыбызда мугалимдин эмгеги, устаттын изи өзгөчө орунда.
Сиздердин талыкпас мээнетиңиздер менен биздин коом билимдүү, маданияттуу, тарбиялуу муун менен толукталып, өлкөбүздүн келечеги бекемделип жатат. Ар бир студенттин, ар бир окуучунун ийгилиги, ар бир адистин жетишкендиги — сиздердин чыдамкайлыгыңыздардын жана чыныгы кесипкөйлүгүңүздөрдүн жемиши.
Урматтуу кесиптештерим — Нарын педагогикалык колледжинин окутуучулары!
Сиздердин эмгегиңиздер, чыгармачылык изденүүңүздөр жана студенттерге болгон кайраттанууңуздар менен колледжибиздин аброю өсүп, шакирттерибиздин жолуна жарык чачылууда. Сиздер менен чогуу иштеп жатканым — мен үчүн чоң сыймык жана бакыт.
Бул майрам күнү сиздерге чың ден соолук, үй-бүлөлүк бакыт, чыгармачылык ийгилик жана шакирттериңиздердин ар бир жетишкендигинен кубаныч алууну каалайм.
Сиздердин ишиңиздер дайыма урмат-сыйга, кадыр-баркка ээ болуп турсун! Бардык устаттарыбыздын алдында терең таазим этем!
Апсалиева Айнура Ташболотовна

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *