Бүгүн 21-октябрь күнү Нарын облустук дене тарбия жана спорт башкармалыгынын колдоосу менен Нарын педагогикалык колледжи тарабынан 17-ноябрь — «Эл аралык студенттер күнүнө» карата футбол боюнча таймаш өткөрүлдү. Мелдешке НМУнун факультеттери жана Нарын шаарынын колледждери катышты.
Жеңүүчү командалар Дипломдор, Кубок, медалдар жана акчалай сыйлыктар менен сыйланышты.
Бул иш-чаранын ийгиликтүү өтүшүнө чоң салым кошкондугу үчүн Нарын облустук дене тарбия жана спорт башкармалыгынын жетекчиси Кубанычбек Чымылдаковго, ошондой эле НПКнын 2015-жылкы бүтүрүүчүсү “Алтай Нарын футбол академиясынын” менеджери Бексултан Абуувазитовго терең ыраазычылык билдиребиз!

