2025-жылдын май айында өткөн Кикбоксинг боюнча Республикалык турнирде Нарын педагогикалык колледжинин «Дене тарбия» адистигинин Ф-21 группасынын студенттери өзгөчө ийгиликтерге жетишип, өз салмак категорияларында 1-орундарды камсыз кылышты.
Нурсултан Жолдошев, Бакытбек уулу Ынакбек жана Майрамбек уулу Эрнис турнирде жогорку чеберчилик жана мыкты даярдык көрсөтүп, рингде таймаштардын ар биринде өз үстөмдүгүн далилдешти. Алардын жеңиши — өзүнүн гана эмес, окуу жайынын да намысын көтөргөн зор жетишкендик.