Академиялык мобилдүүлүк программасынын негизинде окуп жаткан студенттер бүгүн Ат-Башы районундагы Кошой-Коргон тарыхый эстелигинде жана Улуу Жибек Жолунун тоомунда жайгашкан байыркы Таш-Рабат кербен сарайында болушту.
«Көөнө тарых сырлары» деген темада Ж.Бабаканова жана А.Мокеева практикалык сабак өтүп, тарыхый- маданий мурас объектилерин сактоо, изилдөө тууралуу кенен маалымат беришти.