2025-жылдын 1-июнунда Казакстандын борбору Астана шаарында чоң масштабдагы эл аралык жарым марафон ийгиликтүү өткөрүлдү. Бул спорттук иш-чарага дүйнөнүн ар тарабынан келген алты миңден ашуун жөө күлүк катышып, ар кандай курактык категорияларда күч сынашты.
Кыргызстандын атынан мелдешке жети жөө күлүк барышты. Алар эл аралык аренада өлкөбүздүн атын бийик көтөрүп, спортчулук дух менен мелдешке катышышты.
Алардын арасынан өзгөчө ийгилиги менен Толгонай Шааева айырмаланды. 60 жаштан жогорку курактагы спортчулар арасында ал атаандаштарынан озуп чыгып, 1-орунду багындырды. Бул жеңиш — анын 2025-жылдагы спорттук карьерасындагы бешинчи алтын медалы болуп калды.
Толгонай Шааеванын бул жетишкендиги улуттук спорттун даңазалануусунун дагы бир жаркын үлгүсү болду. Ал узак жылдардан бери үзгүлтүксүз машыгуу менен өзүн физикалык жана руханий жактан өнүктүрүп келет.