Меню Закрыть

ЖАШ ЛИДЕРЛЕР СПОРТ АРКЫЛУУ БИРИМДИКТИ ЧЫҢДАШТЫ

17-ноябрь — «Эл аралык студенттер күнүнө» карата Нарын облустук дене тарбия жана спорт башкармалыгы жана Нарын педагогикалык колледжи биргеликте кыздар арасында волейбол боюнча достук мелдеш уюштурушту.
Иш-чаранын негизги максаты — студенттер арасында дене тарбияны жана сергек жашоо образын жайылтуу, ошондой эле билим берүү уюмдарынын ортосунда достук жана кызматташтык мамилелерди чыңдоо болуп саналат.
Мелдешке Нарын мамлекеттик университетинин жана бардык колледждердин студенттери катышып, командалар өз ара таймашып, мыкты оюн көрсөтүштү.
Иш-чараны уюштурууга Нарын облустук дене тарбия жана спорт башкармалыгы, НПКнын дене тарбия циклинин окутуучулары жана тарбия иштери боюнча директордун орун басары Бактыгүл Сыдыгалиевалар демөөрчүлүк көрсөтүп, жеңүүчүлөргө акчалай сыйлыктарды тапшырды.
Жыйынтыгында, катышуучуларга дипломдор жана баалуу белектер ыйгарылып, студенттердин спортко болгон кызыгуусу артты.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *