Меню Закрыть

ЖАҢЫ ЖЫЛДЫК МААНАЙ: НПКда «ТАЛАНТТАР ГАЛАКТИКАСЫ»

Бүгүн НПКда жаңы жылдык маанай тартуулаган “Таланттар галактикасы” аттуу майрамдык концерт болуп өттү. Иш-чара студенттердин демилгеси жана чыгармачыл даярдыгы менен жогорку деңгээлде уюштурулду.
Концерттин жүрүшүндө студенттер өздөрүнүн талантын ар кыл жанрларда көрсөтүштү. Тактап айтканда, обондуу ырлар, бий номерлери, көркөм окуулар, юмордук көрүнүштөр жана музыкалык аткаруулар көрүүчүлөрдүн көңүлүн көтөрүп, майрамдык шаң тартуулады. Ар бир номер жаңы жылдын кубанычын, үмүтүн жана биримдигин чагылдырды.
“Таланттар галактикасы” аттуу концерт студенттердин чыгармачылык потенциалын ачууга, алардын сахнадагы чеберчилигин өркүндөтүүгө жана маданий эс алуу аркылуу ынтымакты бекемдөөгө өбөлгө түздү. Иш-чара колледждин студенттери жана окутуучулары тарабынан жылуу кабыл алынып, зор кол чабуулар менен коштолду.
Майрамдык кеченин соңунда катышуучуларга ыраазычылык билдирилип, жаңы жылдык каалоо-тилектер айтылды. Бул концерт Нарын педагогикалык колледжинин жаш таланттарынын жаркын келечегин дагы бир жолу далилдеди.
Кураторлор Гүланда Байдөөлөтова жана Нестан Оморовага терең ыраазычылык билдиребиз!
     

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *