Меню Закрыть

ЖАҢЫ МҮМКҮНЧҮЛҮКТӨР — САПАТТУУ БИЛИМДИН БАШАТЫ

К.Мамбетакунов атындагы Нарын педагогикалык колледжинде «Мектепке чейинки билим берүү» адистигине ылайык заманбап жабдылган кабинеттин салтанаттуу ачылыш аземи болуп өттү.
Аталган кабинет студенттердин теориялык билимдерин практика менен айкалыштырып, келечектеги тарбиячылардын кесиптик чеберчилигин өнүктүрүүгө багытталган. Кабинетте мектепке чейинки билим берүүгө керектүү окуу-методикалык материалдар, көргөзмө куралдар жана улуттук баалуулуктарды чагылдырган бурчтар уюштурулган.
Ачылыш аземинен кийин окутуучу Элиза Мукашова “Улуттук баалуулук – ар бир бала бакчанын негизги булагы” аттуу тарбиялык саат өткөрдү. Иш-чаранын жүрүшүндө студенттер улуттук каада-салттардын, нарк-насилдин жана маданий мурастын мектепке чейинки тарбия берүүдөгү орду тууралуу кеңири маалымат беришти. Ошондой эле улуттук оюндар, каада-салттар жана тарбиялык ыкмалар практикалык мисалдар менен көрсөтүлдү.
Бул иш-чара келечектеги тарбиячылардын кесиптик жоопкерчилигин арттырып, улуттук баалуулуктарды жаш муундарга сиңирүүнүн маанилүүлүгүн дагы бир ирет баса белгиленди.
 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *