Меню Закрыть

НПКда ПЕДАГОГИКАЛЫК ЖАНА МЕТОДИКАЛЫК КОНОК ЛЕКЦИЯ ӨТТҮ

Үстүбүздөгү жылдын октябрында Нарын педагогикалык колледжинде Кыргыз билим берүү академиясынын Кесиптик билим берүүнүн проблемалары борборунун директору, педагогика илимдеринин доктору, профессор Кыргызбай Добаев окутуучулар жана студенттер менен жолугушуу өткөрдү.
Жолугушуунун жүрүшүндө профессор катышуучулар менен билимдин баалуулугу, келечек кесипке татыктуу даярдык көрүү, үзгүлтүксүз өнүгүү жана өзүн-өзү өркүндөтүү сыяктуу маанилүү багыттар боюнча ой бөлүштү. Ал билим — адамдын жашоосунда ийгиликке жетүүнүн негизги шарттарынын бири экенин белгилеп, жаштарды жоопкерчиликке, аракетчилдикке жана жаңычыл ой жүгүртүүгө үндөдү.
Мындан тышкары, профессор колледждин окутуучулары менен заман талабына ылайык педагогикалык ишти жүргүзүү, билим берүү процессинде инновациялык ыкмаларды колдонуу жана окутуучулардын кесиптик чеберчилигин өркүндөтүү маселелерин талкуулады.
Иш-чаранын соңунда катышуучулар пайдалуу маалымат жана шыктануу алганын белгилешип, профессор Кыргызбай Добаевге ыраазычылыктарын билдиришти. Бул жолугушуу колледж жамааты үчүн тажрыйба алмашуу жана кесиптик өнүгүү багытында маанилүү окуя болуп калды.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *