2025-жылдын июнь айында Казакстандын Алматы шаарында өткөн салттуу «Тоодо чуркоо марафонуна» катышкан Толгонай Шааева 12 км аралыкта эң жогорку жыйынтык көрсөтүп, биринчи орунду багындырды.

«Күндүн ысыгы 36–38° жеткени менен, мен Нарында тоодо машыгып жүргөндүктөн бул мен үчүн чоң артыкчылык болду, – деп бөлүштү Толгонай айым. – Уюштуруучулар дагы марафондун жогорку деңгээлде өтүшүнө бардык шарттарды түзүштү. Айрыкча бардык катышуучулардын маанайы абдан сонун болду, бул мени аябай кубантты» — деп белгиледи маегинде.

Бул марафонго 12 км аралыкка 5000ге чукул, 6км аралыкка да 5000ге жакын жөө күлүк катышты. Кыргызстандан барган алты спортчунун ичинен үчөө алтын, бирөө күмүш медаль утуп алышты.

Толгонай Шааеванын бул жеңиши колледж жамааты үчүн гана эмес, жалпы жаштарга жана кесиптештерине да спортту сүйүүнүн, тынымсыз аракеттин жана максатка умтулуунун мыкты үлгүсү болуп калды!