И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин Гуманитардык-педагогикалык колледжинин 80 жылдык мааракесине арналган «Мектепке чейинки курактагы балдардын эмоцианалдык интеллектин өнүктүрүү: практикалык ыкмалар жана стратегиялар» аттуу симпозиум жогорку деңгээлде өткөрүлдү.
Иш-чарада мектепке чейинки курактагы балдардын өнүгүүсүндө эмоционалдык интеллекттин мааниси, аны ар түрдүү ишмердүүлүк аркылуу өөрчүтүүнүн заманбап ыкмалары жана технологиялары боюнча актуалдуу маселелер талкууланды. Симпозиумго окутуучу Мимоза Абдракунова жана Д-11 группасынын студенти Абдыгазиева Аида катышып, практикалык багыттагы баяндамалар менен чыгышты.
Иш-чара алкагында педагогдор үчүн мастер-класстар уюштурулуп, бөбөктөрдүн чыгармачылык концерти көрүүчүлөргө кубаныч тартуулады. Симпозиумдун соңунда бардык катышуучуларга сертификаттар жана ыраазычылык каттар тапшырылды.