Меню Закрыть

«МАНАС — ӨТКӨНГӨ САБАК, БҮГҮНКҮГӨ БАГЫТ» АТТУУ ДЕБАТ НПКда ӨТТҮ

Нарын педагогикалык колледжинде мааниси терең, интеллектуалдык деңгээли жогору дебат уюштурулду. Бул иш-чараны “Top Team” дебаттык клубу “Манас” клубу менен биргеликте өткөрүп, “Манас — өткөнгө сабак, бүгүнкүгө багыт” деген теманын алкагында жаштар арасында талкуу уюштурулду.
Дебаттын жүрүшүндө катышуучулар өз ойлорун тайманбай билдирип, терең анализ жана логикалык ой жүгүртүү аркылуу теманы ар тараптуу ачып беришти. Таймаш жогорку деңгээлде өтүп, калыстар тарабынан төмөнкү жыйынтык чыгарылды:
🔹1-орун — «Каныкейдин подругалары» командасы
🔹2-орун — «Legends» командасы
🔹3-орун — «Голос разума» командасы
Ошондой эле өзүнүн чечендиги, ишенимдүү сүйлөөсү жана логикалык талдоосу менен айырмаланган Албина Азатбек кызы “Мыкты спикер” наамына ээ болду.
Иш-чаранын уюштурулушу жана катышуучулардын жигердүүлүгү Нарын педагогикалык колледжиндеги жаштардын интеллектуалдык жана аналитикалык жөндөмдөрүнүн жогорку деңгээлде экенин дагы бир жолу далилдеди.
Мындай дебаттар жаштарга өткөн мурастарды заманбап көз караш менен баалоого, ой-жүгүртүүнү өнүктүрүүгө жана коомдук пикирди жаратууга чоң өбөлгө түзөт.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *