Бүгүн Нарын мамлекеттик университети тарабынан “Мамлекеттик тил – улуттук биримдиктин жана руханий мурастын негизги тиреги” аталышындагы Республикалык деңгээлдеги маданий-агартуу иш-чарасы уюштурулду.
Иш-чарага Нарын педагогикалык колледжинин студенттери катышып, чыгаан акындардын чыгармаларын көркөм окуп, өнөрлөрүн тартуулашты. Жаштардын сахнадагы чеберчилиги залда отургандардын көңүлүн көтөрүп, аларды мекенчилдик сезимге сугарды.
Ар бир чыгарманы зор жоопкерчилик менен аткарган студенттер көрүүчүлөрдүн кызуу кол чабуусуна татыды. Иш-чаранын жүрүшүндө мамлекеттик тилдин улуттар аралык биримдикти бекемдөөдөгү жана руханий мурастын сакталуусундагы орду кеңири баса белгиленди.

