Бүгүн 23-сентябрда К.Мамбетакунов атындагы Нарын педагогикалык колледжинде кыргыз элинин руханий байлыгы болгон Мамлекеттик тил күнүнө арналган салтанаттуу иш-чаранын ачылыш аземи болуп өттү.
Иш-чараны колледждин директору Айнура Апсалиева жана тарбия иштери боюнча директордун орун басары Бактыгүл Садыгалиева куттуктоо сөзү менен ачып, мамлекеттик тилибиз эгемендигибиздин символу жана улутубуздун негизги байлыгы экенин баса белгилешти.
Салтанаттуу майрамдык программаны студенттер өз өнөрлөрү менен көркүнө чыгарып, кыргыз элинин баатырдык эпосу болгон “Манасты” даңазалап айтууга, улуттук бийлерди ийине жеткире аткарууга жана өздөрүнүн автордук ырларын көпчүлүккө тартуулоого зор маани беришти. Ар бир чыгарма кыргыз тилинин улуулугун, көркөмдүүлүгүн жана руханий күчүн чагылдырды.
Иш-чара улуттук наркты жана тилге болгон сый-урматты даңазалоо менен коштолуп, студенттердин мамлекеттик тилге болгон сүйүүсүн арттырууга, мекенчилдик сезимин чыңдоого чоң салым кошту.
Студенттерди жана иш-чараны жетектеп, талантын таптап, сахнаны улуттук баалуулуктарга дал келтире жасалгалаганга зор салымын кошкон Асель Маштаевага терең ыраазычылык билдиребиз!
