Меню Закрыть

“КЫРГЫЗ ТИЛИ — АТА МУРАС, КЕЛЕЧЕККЕ АМАНАТ»

Бүгүн Нарын педагогикалык колледжинде улуттун уңгусун даңазалаган, көөнөрбөс казынабызды урпактарга аманат кылууга арналган маанилүү адабий иш-чара өттү. Кыргыз тили күнүнө арналган бул кече “Кыргыз тили – ата мурас, келечекке аманат” деген аталыш менен өткөрүлүп, келген конокторго жана жалпы студенттерге руханий азык, көтөрүңкү маанай тартуулады.
Таланттуу студенттер өз өнөрлөрүн көрсөтүп, ыр-бий, көркөм окуу, монологдор жана сахналык көрүнүштөр аркылуу кыргыз элинин каада-салтын чагылдырды. Ар бир аткаруу кыргыз тилинин баалуулугун даназалап, жаштардын улутка болгон сый-урматын, тилге болгон сүйүүсүн айгинелеп турду.
Бул иш-чара “Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик» жарлыгынын негизинде деген ураан алдында өтүп, кыргыз тилин даңазалоонун гана эмес, аны жаңы доордун бийиктигине көтөрүү миссиясынын дагы бир жаркын үлгүсүн көрсөттү.
Колледждин жетекчилиги кыргыз тилин сактоо жана өнүктүрүү – улуттук парзыбыз экенин баса белгилеп, студенттерди тилибизди көздүн карегиндей аярлап, дүйнөгө таанытууга чакырды.
Кеченин соңунда кыргыз тилин мурас катары кабыл алып, келечекке аманат кылуу ар бирибиздин ыйык милдетибиз экендиги дагы бир жолу баса белгиленди.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *