Меню Закрыть

ИЛИМИЙ ИЗИЛДӨӨ, ТАКТЫК ЖАНА ЧЫГАРМАЧЫЛЫК — СТУДЕНТТЕРДИН ЖАҢЫ ЖЕҢИШТЕРИ

Нарын мамлекеттик университетинин «Физика, математика жана информатика» кафедрасы тарабынан окутуучу Марат Өмүралиевдин ысымын эскерүү максатында өткөрүлгөн университет жана колледждер аралык олимпиада өз таасирдүүлүгү жана билим берүү багытындагы мааниси менен өзгөчөлөндү.
Бул деңгээлдеги билим таймашында К.Мамбетакунов атындагы Нарын педагогикалык колледжинин студенттери жигердүүлүгү, интеллектуалдык даярдыгы жана аналитикалык ой жүгүртүүсү менен айырмаланып, жогорку натыйжаларга жетишти:
💥 1-орун – Н-23группасы Нурланбек кызы Канайым
💥 2-орун – Н-21 группасы Токтаалиева Акылай
🔹Көрсөтмө курал боюнча:
💥 2-орун – ПО-23группасы Илимгазиев Байэл
Бул ийгиликтер студенттердин предметтик даярдыгынын бекемдигин гана эмес, билимге болгон умтулуусун, чыгармачыл потенциалын жана туруктуу изденүүсүн айгинелейт. Аларга багыт берип, олимпиадага системалуу түрдө даярдаган окутуучулар Чынара Абдырасулова жана Ырыскүл Токтосуновалардын эмгеги да өзүнчө баалуу.
Иш-чаранын алкагында уюштурулган көрсөтмө куралдар выставкасында Нарын педагогикалык колледжинин методикалык жыйнактары жана практикалык материалдары жогорку деңгээлде таанылып, 2-орунга ээ болду.
Бул колледждин методикалык ишинин сапатын жана окутуучулардын чыгармачылыгын тастыктаган дагы бир көрсөткүч.
Бул жеңиштер – студенттер менен окутуучулардын бирдиктүү эмгегинин, билими менен аракетинин жемиши. Колледж мындан ары да билим сапатын арттырууга, жаңы муундагы педагогдорду даярдоого жана акыл-эс таймаштарына активдүү катышууга салым кошо бермекчи.
   

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *