2025-жылдын 13-октябрында Орхус борбору, С.Нааматов атындагы Нарын мамлекеттик университети жана ОБСЕнин Бишкектеги Программалык кеңсесинин колдоосу менен студенттер арасында экологиялык олимпиада өткөрүлдү.
Иш-чаранын негизги максаты – студенттердин экология жана айлана-чөйрөнү коргоо жаатындагы билимдерин тереңдетүү, экологиялык ой жүгүртүүсүн өнүктүрүү жана жаштардын жаратылышты сактоо боюнча жарандык жоопкерчилигин арттыруу болду.
Олимпиаданын алкагында студенттер төмөнкү темалар боюнча эссе жазышты:
1. Айлана-чөйрөнүн булгануусун алдын алуу жана анын адамдын ден соолугуна тийгизген таасири;
2. Нарын шаарынын экологиялык көйгөйлөрү жана аларды чечүү жолдору;
3. Климаттын өзгөрүшүнүн жергиликтүү табиятка тийгизген таасири.
Иш-чарага Нарын мамлекеттик университетинин бардык факультеттеринен жана колледждеринен студенттер катышышты: педагогика, филология, агрардык-техникалык, экономика, IT-колледж, педагогикалык колледж жана АТЭК.
Жыйынтыгында, Нарын педагогикалык колледжинин студенттери Туратбек кызы Айжамал, Калыбек кызы Айдана, Мариям Белекова, Болотбек кызы Жылдыз, Нурпери Мамытовалар мыкты даярдыгын көрсөтүп, 1-орунга ээ болушту.
Бул жетишкендик – студенттердин экологиялык маданиятынын жогору экенин жана жаратылышты сактоого болгон жоопкерчиликтүү мамилесин айгинелейт.
 
							