Меню Закрыть

BISHKEK SNOW LEOPARD RUN — 2025: ТОЛГОНАЙ ШААЕВА 1-ОРУНДУ БАГЫНДЫРЫП, БОСТОН МАРАФОНУНА ЧАКЫРУУ АЛДЫ

2025-жылдын 21-сентябрында Бишкектин жүрөгүндө – Ала-Тоо аянтында өлкөнүн башкы спорттук иш-чарасы Bishkek Snow Leopard Run ийгиликтүү өттү. Алтынчы жолу уюштурулган массалык жарышка 5000дей катышуучу чыгып, анын ичинде 3 жаштан 13 жашка чейинки 500 өспүрүм спортчу да күч сынашты.
Иш-чаранын уникалдуулугу анын эл аралык деңгээлинде болду: Россия, Казакстан, Өзбекстан, Германия, Улуу Британия, АКШ, Түркия жана дагы 24 өлкөнүн өкүлдөрү катышып, жалпысынан 672 чет өлкөлүк спортчу, Кыргызстандын аймактарынан 1245 катышуучу, жана борбор калаадан 2865 адам жарышка чыкты.
Катышуучулардын арасында ар кандай категориядагы спортчулар – профессионалдар, ышкыбоздор, ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген жана өзгөчө муктаждыктары бар адамдар болду.
💥💥 Жарыштын башкы жеңүүчүсү – кыргызстандык спортчу, жөө күлүк Толгонай Шааева!
Бир жылдан бери эл аралык марафондордо ийгиликтерди жаратып келген Шааева бул жолу да өзүн көрсөтүп, 1- орунду ээлеп, алтын медалга ээ болду. Анын бул чоң жетишкендиги Кыргызстан үчүн сыймык болуп, Шааеваны дүйнөлүк деңгээлге алып чыкты. Натыйжада, ал спорттун дүйнөдөгү эң кадырлуу мелдештеринин бири – АКШнын Бостон марафонуна расмий чакыруу алды.
💥💥Толгонай Шааева Бостон марафонуна чейин Турция жана Казакстан мамлекетинде өтүүчү марафондорго машыгуу максатында катышмакчы.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *