Меню Закрыть

БИЛИМ БЕРҮҮДӨГҮ БИРИМДИК: ОШМУ менен НПК КЫЗМАТТАШУУСУ

2025-жылдын 23-май күнү Нарын педагогикалык колледжинде өзгөчө маанилүү окуя болду. Ош мамлекеттик университетинин алдындагы Индустриалдык педагогикалык колледжинин окутуучулары Нарын шаарына атайын келип, НПКнын студенттери үчүн конок лекцияларды өткөрүштү.
Иш-чаранын жүрүшүндө ар түрдүү багыттагы актуалдуу темалар талкууланып, теория менен практиканын айкалышы негизинде мазмундуу баяндамалар жасалды. Окутуучулар өздөрүнүн бай тажрыйбалары менен бөлүшүп, студенттердин билимге болгон кызыгуусун арттырып, кесиптик багытта мотивация берүүгө чоң салым кошушту.
Жолугушуунун соңунда Нарын педагогикалык колледжинин жетекчилиги тарабынан меймандарга ыраазычылык каттар тапшырылып, келечектеги тыгыз кызматташууга болгон ишеним дагы бир ирет баса белгиленди.
Бул сыяктуу өз ара кызматташтыктар билим берүү тармагындагы интеграцияны тереңдетип, эки тарап үчүн тең жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачары шексиз. Ар тараптуу академиялык байланыштар мындан ары да улантылып, жемиштүү жыйынтыктарды алып келет деген ишеничтебиз.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *