Меню Закрыть

БИЛИМ БЕРҮҮДӨ ЖАҢЫЧЫЛ ЫКМАЛАР — КЕЛЕЧЕКТИН ПАЙДУБАЛЫ

Нарын педагогикалык колледжинин «Мектепке чейинки билим берүү» адистигиндеги студенттер үчүн Ата Түрк бала бакчасынын тарбиячылары Мээрим Жасынбекова жана Айжан Чырмыевалар тарабынан «STEAM технологиясы» темасында мастер-класс уюштурулду.
Иш-чаранын алкагында студенттер мектепке чейинки билим берүүдө STEAM технологиясын колдонуу ыкмалары, анын балдардын логикалык ой жүгүртүүсүн жана чыгармачылык жөндөмдөрүн өнүктүрүүдөгү мааниси тууралуу пайдалуу маалыматтарга ээ болушту. Практикалык мисалдар аркылуу заманбап ыкмалар көрсөтүлдү.
Мастер-класска колледждин окутуучулары жана студенттери активдүү катышып, тажрыйба алмашуу үчүн жакшы мүмкүнчүлүк түзүлдү.
Биргелешип иш алып баруудагы кошкон салымы үчүн өнөктөштөргө терең ыраазычылык билдиребиз!

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *