Үстүбүздөгү жылдын сентябрында С.Нааматов атындагы Нарын мамлекеттик университетинин окутуучулары жана студенттери, анын ичинде К.Мамбетакунов атындагы Нарын педагогикалык колледжинин студенттери Ат-Башы районундагы Таш-Рабат тарыхый-архитектуралык комплексине билим берүүчү экскурсияга катышып келишти.
Иш-чара “Көөнө тарых сырлары” мамлекеттик программасынын алкагында өтүп, студенттер Таш-Рабаттын тарыхы жана архитектурасы менен таанышып, жандуу сабак алышты. Ошондой эле улуттук оюндар уюштурулуп, маданий-руханий маанай кошулду.
Студенттерди колледждин окутуучулары Мокеева Айкөкүл жана Бабаканова Жылдыз жетектешти. Педагогдор мындай сапарлар студенттердин билимине, инсандык өнүгүүсүнө жана Мекенге болгон сый-урматына чоң салым кошорун белгилешти.

