Меню Закрыть

«АЯЛЗАТЫНА — КОЛДОО, КОРГОО ЖАНА СЫЙ»

Бүгүн НПКда зордук-зомбулукту алдын алуу максатында “Аялзатына — колдоо, коргоо жана сый” аталышындагы тарбиялык сааттын негизинде иш-чара болуп өттү.
Иш-чарага Нарын шаардык мэриясынын, Нарын шаардык прокуратурасынын, Нарын облусунун жана ички иштер бөлүмдөрүнүн, ошондой эле Нарын шаардык Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгынын өкүлдөрү катышышты. Алар гендердик зомбулуктун алдын алуу, үй-бүлөдө жана коомдо аялдардын коопсуздугун камсыз кылуу боюнча маанилүү билдирүү жасап, жаштарга багытталган түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү.
Катышуучулар колледждин жамаатына жана иш-чаранын уюштуруучуларына ыраазычылык билдирип, мындай багыттагы билим берүү жана профилактикалык иштерди улантуунун маанилүүлүгүн белгилешти.
Иш-чаранын жүрүшүндө аялзатын коргоо, колдоо маданиятын калыптандыруу, зомбулукка нөлдүк толеранттуулук мамилесин бекемдөө боюнча сунуштар айтылып, студенттер менен ачык талкуу уюштурулду.
Уюштуруучулар Бактыгүл Сыдыгалиева, Жылдыз Бабаканова жана Айкөкүл Мокееваларга терең ыраазычылык билдиребиз!

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *