Меню Закрыть

АЛТАЙ ФУТБОЛ АКАДЕМИЯСЫ МЕНЕН НПК КЫЗМАТТАШУУ КЕЛИШИМИНЕ КОЛ КОЮШТУ

Алтай футбол академиясынын директору Бексултан Абдивазитов жана К.Мамбетакунов атындагы Нарын педагогикалык колледжинин директору Айнура Апсалиева ортосунда расмий кызматташуу жөнүндө эки тараптуу келишимге кол коюлду.
Бул келишим, Нарын педагогикалык колледжинде билим алып жаткан «Ден тарбия» адистигинин студенттеринин теориялык билимдерин практикалык көндүмдөр менен бекемдөөгө, спорттук чөйрөдө тажрыйба топтоосуна жана келечектеги кесиптик өсүүсүнө кошумча мүмкүнчүлүктөрдү түзүүгө багытталган.
Кызматташтыктын алкагында студенттер футбол академиясынын базасында практикалык сабактарга катышып, заманбап машыгуу ыкмалары менен таанышууга, спорттогу тартип, команда менен иштөө жана кесиптик чеберчилик боюнча баалуу тажрыйба алууга шарт түзүлөт.
Тараптар бул келишимди билим берүү менен спорттун айкалышындагы дагы бир пайдалуу кадам катары баалап, келечекте биргелешкен долбоорлорду, семинарларды жана спорттук иш-чараларды уюштурууну пландап жатышат.
Бул кызматташтык студенттер үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачып, дене тарбия жана спорт тармагында квалификациялуу адистерди даярдоого олуттуу салым кошоруна ишеним билдирилди.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *