Чыңгыз Айтматовдун туулган күнүнө карата «Алп жазуучу – Чыңгыз Айтматов» аталышында адабий кече жогорку деңгээлде өттү. Иш-чара улуу калемгердин бай адабий мурасын даңазалоого, жаш муундун руханий дүйнөсүн байытууга жана көркөм адабиятка болгон кызыгуусун арттырууга багытталды.
Адабий кеченин жүрүшүндө Чыңгыз Айтматовдун өмүр жолу, чыгармачылык ишмердүүлүгү тууралуу баяндамалар жасалып, чыгармаларынан үзүндүлөр көркөм окулду. Катышуучулар жазуучунун адамзаттык баалуулуктарды, адеп-ахлактык маселелерди терең камтыган чыгармалары жөнүндө ой бөлүшүп, өз пикирлерин ортого салышты.
Иш-чаранын алкагында адабий-композициялык көрүнүштөр көрсөтүлүп, студенттер тарабынан даярдалган көркөм номерлер көрүүчүлөрдүн өзгөчө кызыгуусун жаратты. Бул кече Чыңгыз Айтматовдун чыгармалары бүгүнкү күндө да актуалдуу экенин дагы бир ирет далилдеди.


