Меню Закрыть

АКАДЕМИЯЛЫК МОБИЛДҮҮЛҮК АЛКАГЫНДА СТУДЕНТТЕР ТАЖРЫЙБА АЛМАШТЫ

Нарын педагогикалык колледжинде академиялык мобилдүүлүк программасынын алкагында Т. Эрматов атындагы БМПИден келген студенттер билим алып, мазмундуу иш-чараларга активдүү катышышты.

Бул программанын негизги максаты — студенттердин билим деңгээлин жогорулатуу, кесиптик көндүмдөрүн өркүндөтүү жана тажрыйба алмашуу болуп саналат. Аталган багытта келген студенттер окуу процессине толук кандуу катышып, өз адистиктерине байланыштуу практикалык иштерди жүргүзүштү.

Иш сапардын жүрүшүндө студенттер ар кандай маданий, тарбиялык жана илимий иш-чараларга катышып, чыгармачылык жөндөмдөрүн көрсөтө алышты. Ошондой эле, өз кесиптерине тиешелүү мекемелерге барып, практикалык сабактарга катышып, теориялык билимдерин практика менен айкалыштыруу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушту.

Мындай академиялык мобилдүүлүк программалары студенттердин дүйнө таанымын кеңейтүүгө, жаңы тажрыйба топтоого жана келечектеги кесиптик ишмердүүлүгүнө бекем негиз түзүүгө чоң салым кошот.

Академиялык мобилдүүлүк боюнча келген Т. Эрматов атындагы Бишкек музыкалык- педагогикалык институтунун программалык багыттагы студенттери жана ПОВТАС-23 группасы “EcoVibe”- проектисине катышып, сертификат жана кызыктыруучу сыйлыктар менен сыйланышты. Студенттерибизге ийгилик!!!

Нарын педагогикалык колледжи мындан ары да билим берүү тармагында кызматташууну бекемдеп, студенттер үчүн пайдалуу программаларды ишке ашырууну улантат.

  

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *