Меню Закрыть

АКАДЕМИЯЛЫК МОБИЛДҮҮК — ТАЖРЫЙБА АЛМАШУУНУН КӨПҮРӨСҮ

Бүгүн К.Мамбетакунов атындагы Нарын педагогикалык колледжи академиялык мобилдүүлүк программасынын алкагында Т.Эрматов БМПИден келген студенттерди жылуу тосуп алды. Алар эки жума бою окуу-тажрыйба алмашуу максатында колледжде болушат.
Студенттерди окутуучу Назима Чоробаева жетектеп келип, бул иш сапардын негизги максаты – билим берүү тажрыйбасын бөлүшүү, чыгармачылык жана илимий байланыштарды кеңейтүү экенин белгиледи.
Иш сапардын алкагында коноктор колледждин китепкана фондусуна баалуу китептерди белек кылышты. Бул саамалык студенттердин билим деңгээлин жогорулатууга, илимий изденүүсүн арттырууга жана окуу-методикалык базаны байытууга чоң салым кошот.
Академиялык мобилдүүлүк – бул жаңы мүмкүнчүлүктөр, жаңы тааныштар жана жаңы ийгиликтер. Алдыдагы эки жума мазмундуу өтүп, эки окуу жайдын ортосундагы кызматташтык мындан ары да бекемделет деген ишенимдебиз.
                    

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *